Жандуу үн же фонограмма? Маданият министрлиги коомчулуктун пикирин сурайт

Маалым болгондой, министрлик 1-январдан тарта министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде, концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр жандуу үн менен аткарылышы керек деген буйрук чыгарган.
Эгерде фонограмма менен ырдалган учурлар катталса жоопкерчилик ошол мекеменин жетекчилигине жүктөлөрү айтылган.
"2012-жылы Жогорку Кеңеш фонограммага тыюу салган мыйзам кабыл алган. Анын негизинде бир нече буйрук чыкканы белгилүү. Бирок ага карабай маданий иш-чараларда ыгы жок колдонулуп жаткан фонограммалар тууралуу маселе учурда да көтөрүлүп келет.
Бул ирет дагы бул буйрук аткарылбай калышы мүмкүн деген пикирлер орун алууда", - деп жазылат маалыматта.
Министрлик бул боюнча коомчулуктун пикирин сурап, төмөнкү суроолорго комментарий аркылуу жооп берүүсүн суранат.
1) Фонограммага тыюу салынышына пикириңиз?
2) Фонограмма тойлордо дагы тыюу салыныш керекпи?
3) Сиз той берип калсаңыз, чакырган ырчыңыздын фонограммасыз ырдоосун талап кыла аласызбы?
4) Сиздин пикириңиз....
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
Наргиза

23.01.2023. 18:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Албетте ырчылар жандуу ун менее ырдаганды суранабыз. Жандуу ун фонограммадан көп эсе эффективдүү жана кызыктуу да.
Patriotka

23.01.2023. 21:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жандуу ун менен дагы,фонограмма менен дагы кереги жок!!!
Antiradikal12

24.01.2023. 11:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Patriotka, чык эшикке!!! Адалсынган радикал доопарас.
Кыял

24.01.2023. 05:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жандуу ун менен ырдашсын! Ырларды жаттап мээнет кылып анан акча таап , сыйлык алышсын. Мамлекеттик иш чара болобу , ресторан тойлордобу, баардык жерде жандуу ун болгону жакшы.
Antiradikal12

24.01.2023. 11:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ар кандай майрамдык кече, концерттерде жандуу ун менен ырдалышын бийлик катуу талап кылып, баш ийбегендерге катуу жаза берсин, мисалы 1-2 жыл эч кайсы жерге барып ырдай алгыс кылып....
Ал эми тойкана, кафелерде пусть фонограммасын кое берсин. Жандуу ун же фонограмманы кафе кожоюну же той ээлери ырчылар менен оз ара чечип алышсын.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.