super.kg logo

Кыргызстанда канча илимдин доктору жана кандидаты бар? Министрликтин маалыматы

 

Кыргызстанда аттестациядан өткөн 1179 илимдин доктору жана 5 миң 323 илимдин кандидаты бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги берген маалыматтта көрсөтүлөт.

Кабарлангандай, буга чейин министрлер кабинетинин жыйынында илимий даража үчүн үстөктөрдү 50 пайызга жогорулатуу чечими кабыл алынган.

2023-жылдын 1-январынан тартып илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр төмөнкүдөй белгиленет:

– илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн – 2700 сом өлчөмүндө;

– илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн – 1350 сом өлчөмүндө.

"Мындай чечим Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында илимий чөйрөнү жана илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө материалдык колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин илим докторлоруна – 1800 сом, илимдин кандидаттарына – 900 сом өлчөмүндө кошумча төлөмдөр бергиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.01.2023. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулардын 90 пайызы даяр диссертацияны сатып алган окумуштуулар. Эмне үчүн генерал көп да армия алсыз, эмне үчүн илимдин доктор, кандидаттары көп өлкө билимсиз, эмне үчүн мечит көп элдер ыймансыз??? Себеби бизде баары жасалма!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: