Казакстан сенатынын төрагасы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты





Бүгүн, 23-январда Кыргызстанга иш сапары менен келген Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Ашимбаев төрага Нурланбек Шакиевдин коштоосунда Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышып, жыйындар өтчү залды көрүп чыкты.
Буга чейин Ашимбаев “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барган. Анда ал 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке, андан соң улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, маркумдарды эскерди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.