super.kg logo

"Эмгекти күтсөк, эрмектеп баарын, Эмне эле болуп калдыңар бийлик?" Жеңишбек Жумакадыр бийликке кайрылды

 

Кыргыз Эл акыны Жеңишбек Жумакадыр камактагы төкмө акын Болот Назаровго арнап ыр чыгарды. Анда ал акындын камалышы боюнча нааразычылыгын билдирип, бийликке кайрылган.

Тизгинди колго алдыңар билдик,

Тизмелеп камап салдыңар билдик.

Акыйкат айтып койгону үчүн,

Акынды мынча чандыңар бийлик.

Эмгекти күтсөк, эрмектеп баарын,

Эмне эле болуп калдыңар бийлик?

*****

Өчсө да жарык макулбуз бийлик,

Өчпөгөн бирок атуулбуз бийлик.

Өңгөнү билбейм, эзелтен бери,

Өнөрсүз жарды, жакырбыз бийлик.

Өткөнгө өчтү өчүргөн жакшы,

Өтүнүп айтып жатырбыз бийлик.

*****

Убада берип сый алдың бийлик,

Убара тартып сыналдың бийлик.

Уруулар канча миллион жеген,

Уурудай көбүн чыгардың бийлик.

Болгондур ката, жаш болбос ким бар,

Болотту эми чыгаргын бийлик.

*****

Кечирим сооп тандагын бийлик,

Кеч болгон жолго барбагын бийлик.

Караган күн да тез эле батат,

Кара так болуп калбагын бийлик.

Түштөгү күлкү өңдө ый дешет,

Түшүнөсүңөр ал жагын бийлик!

*****

Сый күткөн жерден уу алдым бийлик,

Уу күткөн жерден сый алдым бийлик.

Бир ишиңерге кубандым бийлик,

Бир ишиңерден уялдым бийлик.

Бололу бирге сурандым бийлик,

Болотту эми чыгаргын бийлик.

Учурда бир катар маданият өкүлдөрү жогорудагы ырды социалдык тармактагы баракчалары аркылуу бөлүшүп, Болот Назаровдун камакта калтырылышына нааразычылыктарын билдиришүүдө.

Эске салсак, Болот Назаровдун ишине байланышкан соттук отурум 19-январда Чүй облусунун Москва райондук сотунда каралган. Анда мамлекеттик айыптоочу Назаровду 10 жылга эркиндигинен ажыратууну суранганын жактоочусу Бакыт Автандил билдирген.

Акын Болот Назаров былтыркы жылдын 9-ноябрында Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан тоноочулукка шектелип кармалган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.01.2023. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунорчо онор адамы деп эле алжыган бульбуляторду деле колдой бересинерби, чычып алсанарда бийлик деп ыр чыгаргыла. Эмнеге силер камалбайсынар себеп? Себеби силер туура жолдо оз ишинер онор менен алексинер а бул бульбулятор эмне мн алек болгон чон айырма бар, ошону да эске алып бийлике асылганынарды, ыр токуп сын айтканынарды токтоткула. Мыйзам баарына бирдей эмне акын деп эле кылмышына коз жумуш керекби?
24.01.2023. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Zumrudianka атандын башы дура! Жугундукор!!!
24.01.2023. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zumrudianka, биринчиден жалган жалаа менен камалган. Экинчиден миллиарддарды уурдаган Раим миллион баш болгон кит уурулар эркин азаттыкта жургондо, ат уурдады деп камоо кулкулуу.......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: