super.kg logo

Ырчы Рустам Сагыналиев боор оорусуна чалдыгып, операция жасатууга муктаж

 

Улуттук филармониянын солисти, ырчы, аткаруучу Рустам Сагыналиев боор циррозунун оор түрүнө чалдыгып, операция жасатууга муктаж. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 24-январда ырчы Чыңгыз Мырзаев билдирди.

Анын айтымында Рустам Сагыналиев Индиядан операция жасатууга аргасыз болууда.

"Жакшылыкты бөлүшсөң көбөйөт, кайгыны бөлүшсөң азаят" дейт элибиз. Рустам Сагыналиевдин башына түшкөн кайгыны тең бөлүшүп, колдоп берүүңүздөрдү сурайбыз. Донордон тышкары жалпы керектелүүчү каражат 30 миң долларды түзөт.

Учурда Рустам Индияда, кеткенине бир жума болгон. Кечээ анализи чыгып, тез арада боорун алмаштыруу керек экен", - дейт Мырзаев.

Ошондой эле ал маданият өкүлдөрү биригип, кайрымдуулук концертин өткөрүшөрүн айтты.

"9-февраль күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Рустам Сагыналиевди колдоо максатында кайрымдуулук концерти өтөт.
Концертти "Эл шайырлары", "Эл ырчысы Эстебес" топтору, "Манас" театры жана эстрада ырчылары коштойт.
Билет баасы 1000 сом. Сурап билүү телефондору: 0551202920, 0703202920", - деди ал.

Ырчыга жардам көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү эсептик номер аркылуу жардам берсе болот.

МБанк жана Элсом: 0554121255
(Чыңгыз Мырзаев);

Оптима банк
4169 5853 4035 8968
(Аманбек Каныбеков).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.01.2023. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айыгып кет. . . . . .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: