Нарында жол кире акысы жана таштанды төлөмдөрүнүн баасы жогорулайт
Нарын шаарында жол кире акысы жана таштанды төлөмдөрүнүн баасы жогорулайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалыматында айтылат.
"Шаар аймагында маршруттук таксилердин жол кире акысы 10 сомго көтөрүлөт. Тактап айтканда, буга чейин жол кире акысы окуучулар үчүн 5 сом болсо, эми 10 сом болот", - деп айтылат билдирүүдө.
Маалымдалгандай, чоңдор үчүн жол кире акысы буга чейин эле 10 сом болгон.
Ошондой эле таштанды төлөмдөрүнүн да баасы 12 сомдон 20 сомго көтөрүлөт.
Бул тууралуу 2022-жыл ичинде Нарын шаарынын 5 аймагында коомдук талкуулар өткөрүлүп, жыйынтыгында таштанды жана жол киренин баасын көтөрүү боюнча чечим Нарын шаардык кеңешине сунушталганы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
jam77

24.01.2023. 14:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wow.
.
.
.
.
.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.