super.kg logo

"Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу боюнча сот отуруму 9-февралда өтөт

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу боюнча арызы Бишкектин Ленин райондук сотунда 9-февралда каралат. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда шаардык соттон кабарлашты.

Анда сот отуруму саат 9:30да башталары айтылат.

Министрликтин сотко арызданганы кечээ, 23-январда белгилүү болгон. Сотко жолдогон доо арызында министрлик кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. Дал ушуну негиз кылып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин "Согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат" деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун дагы бир кызматы - "Настоящее время" телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга негиздеп жатат.

Ал эми "Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач аталган министрликке, андан соң Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук процесс 26-январга белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
24.01.2023. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимге кандай кереги бар пайдасыз азаттык. Эн туура чечим болмок эгер чын эле жокко чыгарса. Кыргызстанга кереги жок мындай бузуку радио
24.01.2023. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zumrudianka, 2 доопарастын сойкусу, жугундукору, сенин пикиринди эч ким сураган жок. Сен ичкен жугундунду бил!!!
24.01.2023. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаттык - чындыктын кузгусу....
25.01.2023. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаттык жогол Кыргызстандан
26.01.2023. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azat-123, озун жогол жугундукор доопарастарын менен чогуу........
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: