super.kg logo

Ички иштер министрлиги айдоочулук күбөлүктөрдү "Унаа" мамлекеттик мекемеси гана берерин эскертет

 
Ички иштер министрлиги айдоочулук күбөлүктөрдү “Унаа” мамлекеттик мекемеси гана берерин эскертет. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда алдамчылар Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат базасына маалыматтарды киргизүү менен айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алууну сунушташууда.
Министрлик ыйгарым укуктуу мамлекеттик органсыз айдоочулук күбөлүк алуу мүмкүн эмес экенин айтып, тиешелүү билими жана тажрыйбасы жок, жасалма айдоочулук күбөлүк менен автоунааны айдоо өзүңүзгө жана башкаларга коркунуч келтирерин эскертти.
"Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп “Унаа” мамлекеттик мекемеси гана саналат.
Ведомство тарабынан бир катар автоматташтырылган маалыматтык системалар иштелип чыккан. Булар: "Айдоочунун курамын тестирлөө", "Айдоочулар курамын каттоо", "Автотранспорт каражаттарын каттоо". Бул программалар "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүнө жарандар өздөрү келмейинче айдоочулук күбөлүгүн алуу мүмкүн эмес.
Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн, айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө окутуу зарыл. Бардык билим берүү уюмдарында "Айдоочу курамды тестирлөө" автоматташтырылган маалыматтык системасы киргизилген, анда курсанттар айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн катталышат", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле квалификациялык экзамендерди тапшырууда талапкер графикалык жүзүнүн сүрөтү боюнча аныкталары кабарланат.
"Квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган жарандар документтерди тапшыруу жана сүрөткө тартуу процедурасынан өтүшү керек. Жергиликтүү каттоо бөлүмдөрүнө барбаса, айдоочулук күбөлүк алуу фактылары жокко чыгарылат. Айдоочулук күбөлүктөрдүн аныктыгын https://portal.srs.kg/ порталынын "Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн жарактуулугун текшерүү" бөлүмүнөн текшерүүгө болот, анда жарандын ПИН-кодун жана номерин толтурууда айдоочунун күбөлүгүнүн аныктыгын тастыктайт", - деп айтылат билдирүүдө.
“Унаа” мамлекеттик мекемеси жарандарды кыраакы жана жоопкерчиликтүү болууга чакырып, жеке маалыматтарды бейтааныш адамдарга жөнөтпөөгө чакырат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.01.2023. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан туура. . .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: