super.kg logo

Өзбекстандын президентинин сапарына байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

 

Өзбекстандын президентинин сапарына байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Маанилүү иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу министрлик жогорку деңгээлде коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Маалымдалгандай, учурда ички иштер органдарынын күчтөрү менен каражаттары эсептелип, милициянын посттору менен каттамдары аныкталды. Ички иштер органдары укук бузууларды эскертүүгө, кылмыштарга бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

"Расмий иш-чараны өткөрүү маалында коопсуздук жана коомдук тартип, жол кыймылынын коопсуздугу толук кандуу камсыздалат. Ички иштер органдарынын өздүк курамы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлө турган жайлар өзгөчө көзөмөлгө алына турганы айтылды. Мындан сырткары айрым унаа жолдоруна транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилери кошумчаланды.

Эске сала кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен 26-27-январь күндөрү келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.01.2023. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан жакшы..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: