super.kg logo

Активист Атай Бейшенбекке дагы бир кылмыш иши козголду

 

Бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталган активист Атай Бейшенбекке дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу адвокат Канат Хасанов билдирди.

Маалымдалгандай, 7 жыл мурда активистке карата козголгон кылмыш иши кайра жанданган.

"Кечээ күнү Атайга бийликти басып алуу аракети боюнча дагы бир берене менен айып тагылды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Атай 2020-жылдын 5-октябрында Бишкек мэриясын басып алган. Иштин материалдарын УКМК кызматкерлери 2022-жылдын июнь айында чогулткан. Күзөт полкунун кызматкерлери Жоошбек Коёналиев менен Атай Бейшенбекти көрүшкөнүн айтышкан. Иш Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Ал жакта Бакетаев да болгон. Эмне үчүн Коёналиев менен Бакетаев бул иш боюнча жоопко тартылбайт? Алардын бири азыр мамлекеттик кызматта иштеп жатат", - деди Хасанов.

Белгилүү болгондой, учурда активист Атай Бейшенбекке карата 3 кылмыш иши тергелип жатат. Ал 2022-жылдын октябрь айында камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.01.2023. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Thanks! ! !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: