super.kg logo

50дөн көп өлкөдө кыргыз ырларын тартуулаган. Өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти Султан Каримов 64 жашка чыкты

 

Бүгүн, 25-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, "Достук" ансамблинин солисти Султан Каримов 64 жашка чыкты. Ырчыны куттуктап байланышканыбызда, учурда чыгармачылык менен алектенип жатканын айтты.

"Туулган күн көптөгөн куттуктоолор менен башталды. Бир туугандарым, тааныштарым жана күйөрмандарым тынбай чалып, жазышып жүрөгүнөн чыккан куттуктоо сөздөрүн айтышууда.

Эртең өлкөбүзгө Өзбекстандын президенти Мирзийоев келгендигине байланыштуу учурда репетиция менен алекпиз. Жумуш үстүндөбүз", - дейт ал.

Султан Каримов 1959-жылы Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылында туулган.

Аны өздүк көркөм чыгармачылык концерттердин биринде Чоро Кожомжаров байкап, ансамблге солист катары чакырган. Ошол убактан тартып Султан Каримовдун филармониянын сахнасында чыгармачылык жолу башталат. Чоро Кожомжаровдон кеткенден кийин "Ариет" жана башка топтордо ырдап, 50дөн ашык өлкөлөрдө кыргыздын ырын тартуулап кыдырып келген.

Султан Каримов көптөгөн сынак, фестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Айталы, 2002-жылы Кореяда өткөн эл аралык фестивалда күмүш кубокко арзыган.
Белгилей кетсек, буга чейин ырчы кант диабети менен жабыркап, Түркиядан дарыланып келген. Учурда ден соолугу жакшы экенин билдирди.
"Ден соолугум акырындап калыбына келип жатат, албетте, такай даарылануумду улантып жатам. Алдыда сахнада ырдап, чыгармачылыгымды уланта бермекчимин", - деди Каримов.
25-январга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: