super.kg logo

№47 абактын жерине курула турган кичи райондун эскизи жарыяланды

 

Бишкектеги №47 абактын ордуна 10 миң батирлүү кичи район куруу пландалууда. Долбоордун эскиздери менен "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси бөлүштү.

Эскерте кетсек, буга чейин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жеткиликтүү ипотекалык турак жай жана өлкөнүн тышкы карызын социалдык долбоорлор жана жашыл демилгелер менен алмаштыруу боюнча маалымат берген.

Султанбаев өз билдирүүсүндө "ГИК" ААКсы аркылуу жарандарга бериле турган жеткиликтүү турак жайларды (батирлерди) курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландаштырылып жатканын айткан.

Ошол эле учурда Бишкек шаарында мындай курулуш үчүн участоктордун бири мурдагы №47 түзөтүү колониясынын жери болуп саналат, анда 10 миң батирлүү кичи район куруу пландалып жатканын кошумчалаган.

Мындан сырткары бардык аймактарда жеткиликтүү турак жайларды куруу үчүн донорлор менен финансылык ресурстарды тартуу иштери улантылып жатканы белгиленген.

Султанбаев белгилегендей, 2022-жылдын майында Кыргызстандын министрлер кабинети менен KFW германиялык өнүктүрүү банкынын ортосунда "Карызды алмаштыруу IV – Турак жай программасы" макулдашуусуна кол коюлган, анын алкагында 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү каражат этап-этабы менен МИК ачык акционердик коомуна берилет.

Бүгүнкү күндө 4,966 миллион евро өлчөмүндөгү биринчи транш берилди. Бул каражаттар "Карызды алмашуу IV – Турак жай программасы" макулдашуусунун алкагында өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан башкасы) жашаган жана иштеген, ишмердиктин түрүнө карабастан, бардык категориядагы жарандарга жеңилдетилген ипотекалык насыяларды берүүгө жумшалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: