Европа Биримдиги Кыргызстандын бюджетине 5 миллион евро бөлүп берет
Европа Биримдиги Кыргызстандын бюджетине
5 миллион евро бөлүп берет. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Кыргызстандагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бул каржылык жардам "Кыргызстан
2012 – 2014 - социалдык коргоо жаатындагы тармактык саясатты колдоо"
программасынын алкагында бөлүндү.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Программанын жалпы суммасы 13 миллион еврону
түзүп, аны 2013 - 2014-жылдар аралыгында берүү каралган. Белгилей кетсек, Европа Биримдиги
1996-жылдан бери Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин колдоо багытында иш
жүргүзүп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

