super.kg logo

"Каржы пирамидасын" жарнамалаган блогер, ырчыларды эркинен ажыратуу сунушталды

 

Өлкөдө "Каржы пирамидасын" жарнамалаган блогер, ырчы же белгилүү инсандар эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мыйзам долбоорунун автору Шаирбек Ташиев азыркы мыйзамдарда "Каржы пирамидаларын" уюштургандардын гана жоопкерчилиги каралып, ал эми аны элге жарнамалагандар жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатканын айтты.

"Кээ бир биздин артисттерибиз, блогерлерибиз, таасирдүү адамдарыбыздын бардыгы "Мен дагы ушул жерден үй алдым" деп жарнамалап койсо, карапайым эл ишенип, ошол жолго барып жатат. Экинчи жагы дагы бар, ошол жарнамалаган адам компания алдамчы экенин билбеши дагы мүмкүн.

Алар "Ушул мага үй берди, жакшы экен" деп айтышы мүмкүн, бирок ондогон адам үй алганы менен, миңдеген адам акчасын ала албай сыздап калып жатышат. Ошондуктан бардык критерийлерин карап туруп, жарнама кылган адамдарды дагы жазага тарталы деген негизде мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап жатабыз", - деди Ташиев.

Шаирбек Ташиев эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса "Каржы пирамидасын" жарнамалагандар 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратыларын айтты.

Кечээ, 24-январда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында бул мыйзам долбоору каралып, колдоо тапкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: