super.kg logo

Бишкекте "Кыргызстан – Өзбекстан" бизнес-форуму башталды

 

Бишкекте эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форуму башталды. Маалымдалгандай, иш-чара Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында өтүп жатат.

Форумга Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, Өзбекстан президентинин администрация башчысы Сардор Умурзаков жана экономика, инвестиция тармагындагы мамлекеттик кызматкерлер катышууда.

Иш-чараны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачты. Ал өз сөзүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эң жогорку деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк мамиле, контруктивдүү жана ишенимдүү диалог түзүлгөнүн белгиледи.

“Биздин өлкөлөр ар тараптуу соода-экономикалык кызматташууга жетишүү үчүн ири потенциалга ээ экенин белгилегим келет. Форумдун жыйынтыгы натыйжалуу жана жемиштүү болот деп ишенем, бул биздин өлкөлөр ортосундагы толук кандуу, чыгармачылык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызмат кылат. Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жакында эки өлкөнүн соода-экономикалык көрсөткүчтөрүнө таасир эте баштайт. Форумдун бардык катышуучуларына жемиштүү иштөөнү жана алдыга жылуу келишимдерге жетишүүнү каалайм”, - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары эки күнгө пландалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: