Кыргызстан жана Казакстандын парламент төрагалары телефон аркылуу сүйлөштү
Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, баарлашуу маалында төрага Нурланбек Шакиев Маулен Ашимбаевди сенат төрагасы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
Өз кезегинде Маулен Ашимбаев жакында эле Кыргызстанга жасаган расмий иш сапары жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле тараптар мамлекеттер аралык байланышты чыңдоо, парламенттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.