super.kg logo

Бишкекте жол акыны көтөрүү боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду

 

Бишкек мэриясынын Транспорт башкармалыгы калаадагы коомдук транспортторго жол кире тарифин өзгөртүүнү пландап жатат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык бир жүргүнчүнүн жол кире наркы:

- троллейбуста - 15 сом;

- менчик түрүнө карабастан автобуста (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) 15 сом;

- менчик түрүнө карабастан чакан жана өзгөчө класстагы автобустарда – 21 сом;

- менчик түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы автобустарда:

  • 6:00дөн 20:30га чейин - 21 сом,
  • 20:30дан 06:00гө чейин - 32 сом.

Менчик түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы экспресстик автобустарда:

  • № 233, 234 - 22 сом;
  • № 123, 226, 252 - 32 сом.

Автобустарда, троллейбустарда 1 орундук жүктү ташуу үчүн төлөм 40 килограммдан жогору же көлөмү 50х60х100 сантиметр - 10 сом.

1 (бир) айлык мөөнөткө транспорттук картанын (электрондук жол билети) наркы:

  • мектеп окуучулары үчүн - 320 сом;
  • троллейбустарда, автобустарда жүрүү үчүн - 920 сом.

Транспорттук картаны даярдоого кеткен чыгымдарга алардын иш жүзүндөгү өздүк наркы киргизилет.

Шаардык каттоосу бар, Бишкек шаарынын жарандарынын төмөндөгүдөй категорияларына муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугу белгиленсин:

  • жаш курагы боюнча пенсионерлерге;
  • жалпы оорулардын жана эмгектен жабыр тарткандардын I, II, III топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жактарына;
  • бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга;
  • 7 жашка чейинки курактагы балдарга;
  • «Кыргыз почтасы» ААКнын почтальондоруна кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн учурда.

Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү үчүн негиз болуп, жарандардын акысыз жүрүүгө укугу бар, транспорттук картанын ээсинин сүрөтү жана аты-жөнү көрсөтүлгөн жеке транспорттук карта саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
26.01.2023. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч качан көтөрүлбөйт
26.01.2023. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
27.01.2023. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
udoqawje, доопарас
26.01.2023. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
97-2002-жылдары жол акы Ошто троллейбуста 1 сом, автобуста 2 сом, маршруткада 4 сом болчу. Маршруткаларда Рафтар жүрчү, анча мынча Форд транзит бар эле. Азыркы жаштардын көбү Раф микроавтобустарын билбейт. Жакшы учурлар өткөн экен.
26.01.2023. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч убакта которулбосун! Тескерисинче бензиндин баасын томондотсун. Баардын баалар 10 сомдон жогору которулбосун, тушсо тушсун.
27.01.2023. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Содиржон келгенден бери кымбатчылыктан элдин башы чыкпады. Ал аздай алтынын алтындай, сууну суудай сатып элди жарыксыз калтырып, ата мурасы жерди сууну сатты саткын шакал.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: