super.kg logo

Бишкекте айрым маршруттук каттамдардын жүрүү тартиби өзгөрдү (тизме)

 

Бишкекте айрым маршруттук каттамдардын жүрүү тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү бөлүмүнүн кезектеги жыйынында коомдук транспорттордун жүрүү схемасын өзгөртүү боюнча 5 маселе каралды.

Талкуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

«Кызыл-Туу айылы – Ош базары» деген жазуу менен №18-автобустук каттамдын кыймылынын схемасын жарым-жартылай өзгөртүү;

«Дордой Бис» ЖЧКсынын №233, 234-маршруттук кичиавтобустун кыймылынын схемасы кичиавтобустук каттамдардын пландуу чыгууларын көбөйтүү шартында өзгөртүлсүн;

№234 маршруттук кичиавтобустун кыймылы Төкөлдөш кичи районуна чейин (Виноградная көчөсүнө чейин) узартылсын;

№233 маршруттук кичиавтобустун кыймылы Чүй облустук ооруканасына чейин узартылсын.

Маалымат үчүн: Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү бөлүмүндө ар аптанын жума күнү шаардык каттамдарды ачуу, өзгөртүү жана жабуу маселелерин кароо үчүн ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: