Караколдо 6 ымыркайдын өлүмүнө байланыштуу тиешелүү жетекчилер кызматтан алынды
Караколдо оорукана башчысы жана бөлүм башчылар кызматтан алынды. Буга Каракол шаарындагы төрөтканада жыл башынан берки эки аптанын ичинде алты ымыркайдын чарчап калганы себеп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ысык-Көлдө өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө белгилүү болду.
Маалымдалгандай, кеңешме ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн талдоо боюнча өткөн. Ага райондук мамлекеттик администрациялардын жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери катышкан.
Анын жүрүшүндө кош бойлуу аялдарга, төрөт учурундагы жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлбөй жатканы белгиленди.
Ошол эле учурда 6 ымыркайдын чарчап калганына байланыштуу жооптуу жетекчилер кызматтан алынды. Алардын катарында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору, облустук бириккен ооруканасынын башчысы, оорукананын директорунун төрөт иштери боюнча орун басары, төрөт бөлүмүнүн башчысы да бар. Мындан сырткары президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн орун басарына сөгүш берилди.
Эске салсак, ушул жылдын 1-январынан 15-январына чейин Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө алты жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калган.
Ал эми аталган төрөтканада жылына төрт миңден ашык наристе жарык дүйнөгө келет.


1 |