super.kg logo

Шакиев Жогорку Кеңештин депутаттарына КМШ ПААнын сыйлыктарын тапшырды

 

Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттарга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) медалдарын жана эстелик белгилерин тапшырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

"Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин маалымат мейкиндигин калыптандырууга кошкон көрүнүктүү салымы үчүн КМШ ПААнын жана мамлекеттер аралык "МИР" телерадиокомпаниясынын "Древо дружбы" алтын медалы менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова сыйланды.

Ошондой эле парламентаризмди өнүктүрүүгө жана чыӊдоого сиӊирген эмгеги үчүн, шериктештиктин ишинин укуктук негиздерин өнүктүрүүгө, эл аралык байланыштарды жана парламенттер аралык кызматташтыкты чыӊдоого кошкон салымы үчүн КМШ ПААнын 30 жылдыгына арналган медалдары менен "Ынтымак" парламенттик фракциясынын лидери Марлен Маматалиев, "Альянс" фракциясынын лидери Жанарбек Акаев жана "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков сыйланышты.

Мындан тышкары, КМШ ПААнын 30 жылдыгына арналган эстелик белгиси менен депутаттар Камила Талиева менен Бахридин Шабазов сыйланышты", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда эл өкүлдөрүн сыйлык менен куттуктаган төрага Нурланбек Шакиев, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө депутаттардын кошкон зор салымын белгилеп, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: