super.kg logo

eSIM артыкчылыктары жана технологияны Кыргызстанда кантип акысыз кошуп алса болот?

 

О! Мобилдик оператору eSIM технологиясын жайылтуу багытында жол баштоочу боло алды: кыргызстандык операторлордун ичинен технологияны коммерциялык эксплуатацияга алгачкылардан болуп киргизип, ал эми өткөн жылдын аягында eSIMди орнотууну толугу менен акысыз кылып койду.

eSIMди сөзсүз колдонуп көрүш керек

Болгону смартфонуңузда технология иштей турганын текшериңиз. Алгач o.kg сайтына кирип, технология жеткиликтүү болгон моделдердин тизмеси менен таанышып чыгыңыз. Баса, ostore.kg интернет-дүкөнүндө сунуш кылынган iPhone моделдеринде eSIM колдонуу мүмкүнчүлүгү бар.

Смартфонуңузда eSIM иштейт дейли. Демек, аны O!Store дүкөндөрүнүн биринен уникалдуу QR-код алуу менен акысыз активдештире аласыз. Кошууга болгону беш мүнөттүк убактыңыз кетет!

eSIM эмнеси менен ыңгайлуу

  • eSIMди сындырып, жоготуп же түзүлүшкө туура эмес орнотуп алуу мүмкүн эмес.
  • Номерди алмаштыруу үчүн скрепка издөөгө же түзүлүштү ачууга зарылдык келип чыкпайт.
  • eSIMдин жардамы менен негизги, жумушчу, жана, маселен, пайдалуу чексиз интернет же башка опциялары бар номериңизди оңой ажырата аласыз. Алар ар дайым активдүү болуп турат жана меню аркылуу биринен экинчисине тез эле которулууга болот.

eSIM менен чалууга, интернет колдонууга – көнгөн бардык аракеттерди аткарууга болот. Өзүңүзгө ыңгайлуу тарифти тандаңыз да, санарип мүмкүнчүлүктөрдүн дүйнөсүн карай багыт алыңыз!

Бул акылдуу үйлөрдү, шаарларды жана жалпы эле санариптештирүүнү өркүндөтүү жагынан абдан перспективалуу технология болуп саналат.

Трендден артта калбаңыз, О! менен бирге болуңуз!

О! Мобилдик оператору – Кыргызстандын эң ири мобилдик байланыш оператору жана калктын 99%ын кучагына алган 4G/3G/2G камтуусу менен сыйымдуулугу боюнча өлкөнүн лидери. О! –бул инновациялар менен сапаттуу сервис.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: