super.kg logo

Бишкекте дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтүп жатат

 

Кечээ, 28-январда эркектер жана кыз-келиндер арасында дзюдо боюнча өлкө чемпионаты старт алды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Мелдештин ачылыш аземине дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Япониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Года Хидэки, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, өлкөнүн улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев катышты.

Анын алкагында федерациянын президенти Жолдошбек Көлбаевге “Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги” наамы ыйгарылды. Мындан сырткары, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Кубанычбек Айбек уулу, Чыңгызхан Сагыналиев, Шахида Нармухамедова, Эрлан Шеров, федерациянын өкүлдөрү Урмат Маткеримов жана Улан Кутманбаев Ардак грамота менен сыйланышты.

Кечээ, 28-январда мелдеш төмөнкү салмак категориялары боюнча өттү:

  • кыз-келиндер арасында 48, 57, 70 килограмм;
  • эркектер арасында 60, 73, 90, +100 килограмм.

Бүгүн, 29-январда мелдеш төмөнкү салмак категориялары боюнча өтөт:

  • кыз-келиндер арасында 52, 63, 78, +78 килограмм;
  • эркектер арасында 66, 81, +100 килограмм.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: