super.kg logo

Ош шаарынын казысы болуп Мирланбек Токтомушов дайындалды

 

Ош шаарынын казысы болуп Мирланбек Токтомушов дайындалды. Бул тууралуу Муфтияттан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү чечимге муфтий Замир Ракиев кол койгон.

"Токтомушовду шаардын дин кызматкерлерине кечээ, 28-январда муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев тааныштырды", - деп жазылат маалыматта.

Өмүр баяны:

Мирланбек Токтомушов 1980-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында туулган.

  • 1997-1999 жылдары Бишкек шаарындагы “Хазирети Умар” ислам институтунан билим алган.
  • 1999-2003 жылдары Сирия араб мамлекети “Айнь аль-Араб” ислам институтунда билимин жогорулаткан.
  • 2010-2014 жылдары Ош “Абдужапар” ислам институтунда окуган.
  • 2010-2017 жылдары Ош мамлекеттик юридикалык институтунун укук таануу адистигин бүтүргөн.
  • 2011-жылдан бери “Шейит-Дөбө” мечитинин баш имам-хатиби.
  • 2014-2019 жылдары Ош шаарындагы Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби.
  • 2019-2022-жылдары Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары.
  • 2022-жылдын октябрь айынан баштап, Ош шаарынын мусулмандар казысынын милдетин аткаруучу болуп эмгектенип келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.01.2023. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: