Жалал-Абадда Азия чемпиондугунда коло медаль уткан мушкерди тосуп алышты






Бүгүн, 29-январда "Жалал-Абад" аэропортунда бокс боюнча Азия чемпиондугунда коло медаль уткан Нурадин Рустамбек уулун тосуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борбору кабарлады.
Ага ылайык, мушкер Таиланддын Бангкок шаарында өткөн мелдеште 71 килограмм салмакта катышкан. Аны Спорт комитетинин жетекчилиги, машыктыруучулары жана жакындары тосуп алышты.
Нурадин буга чейин жетишкен ийгиликтер:
- 2019-жылы Монголиянын борбор шаары Улан-Батордо өткөн бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта 69 килограмм салмакта 1- орун;
- 2020-жылы Азербайжандын борбор шаары Бакуда кичи дүйнөлүк чемпионатта 69 килограмм салмакта 1-орун;
- 2021-жылы бокс боюнча 71 килограмм салмакта өлкө чемпионатында 1-орунду ээлеген болсо, быйылкы жылы Ташкентте өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль.
- 2022- жылы Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азиянын биринчилигинде коло медалды багындырган.
Эске салсак, ушул жылдын январь айында Бангкок шаарында 18 жаштан 22 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты өттү. Ага 21 мамлекеттин спортчулары катышып, Кыргызстандан барган 12 спортчунун жетөө коло медалды багындырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.