Нурзат Нуртаева Орусияда өткөн эл аралык мелдеште коло байге утту
Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Нурзат Нуртаева Красноярск шаарында өткөн күрөш боюнча Иван Ярыгиндин Кубогуна арналган эл аралык мелдеште коло медаль жеңди.
Балбан кыз бул эл аралык турнирге 68 килограмм салмакта катышты. Ал жарым финалда Ксения Бураковага мөөнөтүнөн мурда жеңилип коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Коло байге үчүн Гүлнура Таштанбекова менен кез келип, атаандашын 8:7 эсебинде жеңип, коло байге утту.
Белгилей кетсек, мелдеш 26-29-январь күндөрү өтүп, Кыргызстандан жалпы 13 балбан катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Risbek.

30.01.2023. 14:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уубогу эмес кубогу
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.