super.kg logo

Салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды

 

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталганын кабарлады.

Декларация тапшыруу эки этап менен өтөт. Ага ылайык, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ал эми 1-майга чейин жеке жактар жана ишкерлер өткөн жылдагы кирешеси, мүлкү тууралуу отчёт бериши керек.

Мекеме мындан тышкары 1-майга чейин салык декларациясын жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлк сатып алган жактар да тапшырышы керектигин эскертти. Алар менен катар эле мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын, ишканалардын кызматкерлери, убактылуу жашап туруу укугу же кайрылман статусу бар, эл аралык уюмдагы ишинен киреше алган жарандар да тапшыра тургандыгы маалымдалды.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мыйзамдарында мамлекеттик, саясий кызматтарды ээлегендер жыл сайын киреше-чыгашасы, мал-мүлкү боюнча декларация тапшырат.

Буга чейинки декларациялык кампаниялардын жыйынтыгында, өлкөдөгү эң бай делген аткаминерлердин айрымдары мүлкүн жашырып, кагаз жүзүндө эч нерсеси жок болуп чыкканы коомчулуктун сынына кабылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: