Парламенттин Координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү








Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Координациялык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана аппараттын бөлүм башчылары катышты.
Төрага Координациялык кеңеш парламенттин иш планын талкуулоо үчүн керектүү аянтча экенин белгилеп, андыктан ар апта сайын чогулуп туруу чечими кабыл алынганын эске салды.
Алгач 2023-жылдын февраль айына карата жыйындардын календарлык планынын долбоору каралып, бир добуштан колдоо тапты.
Андан соң, Жогорку Кеңештин 2027-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясы талкууланып, Нурланбек Шакиев Координациялык кеңештин мүчөлөрүн 1 апта аралыгында долбоорго карата сунуш-пикирлерин берүүгө чакырды.
Ошондой эле жыйында депутаттарды тармактык комитеттердин отурумдарына жигердүү катышууга үндөгөн Нурланбек Шакиев: "Мыйзам долбоорлору комитеттерде кеңири талкууланса, аны жалпы жыйында кароо жеңил болот. Анткени эл аралык тажрыйбада да бардык маселе комитеттерде такталып, пленардык отурумга добуш берүү үчүн эле киргизилет. Андыктан аталган жагдайга көңүл бурсаңыздар", - деди.
Муну менен катар жыйындарды натыйжалуу өткөрүүдө депутаттардын толук катышуусу маанилүү экени айтылып, себепсиз келбей койгон көрүнүштөрдү азайтуу маселеси көтөрүлдү.
Кеңеште фракциялардын лидерлери жана комитеттердин төрагалары да парламенттин ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар сунуштарды беришти.
