super.kg logo

"Өмүр бою төрөбөй турган кылып коюшту". Дарыгерлерден жапа чеккен келин акыйкаттык издейт

 

Бүгүн, 30-январь күнү Шермамат кызы Айчүрөк аттуу айым дарыгерлердин шалаакылыгынан улам баласынан айрылганын жана ден соолугунан ажыраганын айтып, президент Садыр Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдоду. Жабырлануучу келиндин билдирүүсү социалдык тармактагы баракча аркылуу түз эфирде жарыяланды.

Келиндин айтымында ал 2022-жылы 30-апрелде буту шиший баштаганынан кооптонуп, Кызыл-Кыя шаардык төрөтканасына кайрылган. Ал жерде 4 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон соң 5-май күнү толгоосу башталган. Бирок дарыгерлердин кайдыгер мамилесинен улам уулунан да, ден соолугунан да ажырап, өмүр бою төрөй алгыс болуп калган.

"Мен өзүм төрөй албаганыма байланыштуу Атаханова Айнагүл деген врачты чакыртышты. Ал түндө уктап жаткан жеринен туруп келип, балдар дарыгери экөө өз ара жаңжалдаша кетишти. Андан соң жатынымды кесип, баламды вакуум менен сордуруп алышкан. Кесарево кылбайсыңарбы десем, эртерээк айтпайт белең деп койгон. Кийин мени карабастан төрөт бөлүмүнө таштап коюшту. Баламды да көргөн жокмун. Эки күн кыйналып жаткандан кийин жандандыруу бөлүмүнө которушту. Ал жакта жатканда бир дарыгер келип, жатыныңа кан уюп калыптыр деди.

Оштон да врачтар келип, ызы-чуу болуп, тез жардам менен Ошко жөнөдүк. Баламды да ал жакка өзүнчө алып кетишиптир. Ага чейин бала дем алдыруучу аппаратта жатканын айтышкан.

Ошко өтө оор абалда келгем. Гемоглобин, белок түшүп кетиптир. Башка жактан кан алдырышып, кан куюшту. Угушум боюнча, ичимден 3 литр суу, жатынымдан болсо кан алышыптыр. Жатыным айрылып калган экен жана ошол жерлери да тигилбептир. Оштон эки жолу операция болуп, экинчисинде жатыным алынды", - дейт Айчүрөк айым.

Ошондой эле ал баласы чарчап калганын укпаганын, Кызыл-Кыядагы дарыгерлер шалаакылыгы үчүн акча сунуштаганын билдирди.

"Баланын абалы жакшы болчу. Ошко барганда баламды сурай турган абалда эмес болчумун. Мен ооруп жатканда Кызыл-Кыядагы врачтар шалаакылыгы үчүн акча сунушташты. Эжеме банк аркылуу акча которушкан экен. Албай койгонбуз. Балам чарчап калганда Баткендеги жаш кыздын баласын менин баламдын ордуна коёбуз дешкен экен. Анысы деле жок.

Балам Ошко барганда төрт күндөн кийин эле чарчап калган экен. Мен аны уккан эмесмин. Баламды көргөн да жокмун", - дейт жабырлануучу.

Айчүрөк Шермамат кызынын айтымы боюнча, ал июль айында Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасына арыз жазган. Алишер Бегалиев аттуу тергөөчү ишти өзү колго алганын билдирип, бирок анализдердин жыйынтыгы жана башка документтер 5 айдан кийин гана, 21-ноябрда жеткен.

"Мен 13-декабрда экспертизанын жыйынтыгын алганы Бишкекке бардым. Мен буга чейин Зулушевдин өзүнө да арыз менен кайрылгам. Эч кандай жыйынтык болбой жатат.

Мени ушундай абалга алып келген Кызыл-Кыя шаардык төрөтканасынын дарыгерлери жооп бериши керек. Укук коргоо органдарынан акыйкаттыкты издейм", - деди ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.01.2023. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин врачтар Аман эле болсун, закон десен закондон коркпойт, не профессиональный значит, ОЗУ билемдик менее Иш кылып Эми эмне болду, Акча Берген эмес эчким, анан момунтип таштап койгон, даже келинчегимди КР де торошунон коркуп Россияга чакыртым ушул жактан тороду, дайыма угам ушундай абалды, коркот экенсин!
31.01.2023. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ekb92 Биздин деп баарына айта бербе беш кол тен эмес тууган. Коментарий жазсанар да ойлонуп жазайлы
31.01.2023. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aksy.1989 баары эле. Туура айтат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: