Баткенде энеси сабаган наристе коопсуз жерге жайгаштырылды
Баткендин Кадамжай районунда энесинен таяк жеген наристе бир туугандары менен кошо коопсуз жайга жайгаштырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, министрлик жогоруда аталган окуяны көзөмөлгө алган. Ага ылайык, социалдык тармактарда энеси сабап жаткан наристе кыз 2 жашта экени, мындан тышкары, ал аялдын өспүрүм курактагы дагы эки баласы бар экени аныкталган.
“Аталган факт 2023-жылдын 30-январында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иши боюнча комиссияда каралып, балдарды коопсуз жайга жайгаштыруу боюнча комиссиянын чечими чыкты. Анын негизинде балдар Совет айыл аймагында жайгашкан “Кут кадам” үй-бүлө тибиндеги үйгө жайгаштырылды”, - деп жазылат маалыматта.
Министрликтин маалыматы боюнча М.Ш. үч баласына 2022-жылдын июль айынан бери “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун (3 600 сом) алып келерин билдирген.
Буга чейин аталган окуяга байланыштуу аялга карата кылмыш иши козголгону кабарланган.
Эске салсак, бүгүн Кыргызстандагы социалдык тармактарда энеси баласын сабап жаткан видео тарап, бул окуя көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.