Марат Иманкулов АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов америкалык тараптын демилгеси менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Тараптар глобалдык жана аймактык коопсуздук, терроризм, экстремизм жана наркотрафик коркунучтарын талкуулашты.
Мындан тышкары, Сириядан Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо, ошондой эле АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өлкөнүн маданий-тарыхый мурас объекттерин реконструкциялоого көмөктөшүү темасы да өзүнчө козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.