Министрлер кабинети: "Быйыл өлкөдө 50гө чукул чакан ГЭСтерди куруу зарыл"
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. Анда министрликтин 2022-жылдагы иштеринин жыйынтыктары айтылып, 2023-жылга карата иш пландары талкууланды. Бул туурасында ведомстводон маалымдашты.
"Бакыт Төрөбаев тиешелүү жетекчилерге энергетикалык компанияларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылууну, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча күбөлүк алган компаниялар эгерде узак мөөнөткө чейин иш баштабаса, министрликке алардын маселесин кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.
Мындан тышкары, 2023-жылга коюлган ар бир иш план өз убагында аткарылуусу керектигин баса белгилеп, энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду кыска убакыттын ичинде ишке ашырууну тапшырды", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, быйыл 50гө жакын чакан ГЭСтерди куруу зарыл экендигин белгиледи.
Маалымат үчүн: 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн 2023-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычынын көлөмүн 8,6 миллиард метр куб суу менен камсыздоо пландалууда. Ошондой эле, быйыл 2,2 миллиард кВтс чейин электр энергиясын импорттоо каралган.
Ал эми, жалпы республика боюнча көмүрдүн керектөөсү – 2 996,6 миң тонна, күйүүчү мазуттуку– 48,5 миң тонна.
