super.kg logo

Башкы прокурор Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комментарий берди

 

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевдин даттануусун кароого даяр. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда маалымат жыйында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

"Алымкадыр Бейшеналивге козголгон кылмыш иштердин баары Кылмыш-Жазык кодексинин талаптары боюнча. Текшерүүнүн негизинде аныкталган кылмыштын белгилери бар деп иш козгогонбуз. Кылмыш иш козголгондо ал далилденет, сотко жетет деген ишенич болбойт да.

Кылмыштын белгилери бар экени билинсе иш козгойбуз. Ошол тарапта кылмыш иши козголуп, тергелип жаткан. ИИМдин башчысы менен Башкы прокуратуранын арасында пикир келишпестик болду. Ал киши бир нече жолу ЖМКларга кайрылды. Бирок биз тараптан жооп болгон жок. Ошого карабастан адилеттүү болсун, күч менен тергөө болуп, сотко жиберилбесин деп иштердин баарын ИИМге өткөрүп бергенбиз. Алар тергөө жүргүздү. Анын жыйынтыгында кылмыштын курамы жок деп чечим кабыл алышты. Биз ага макул болдук.

Ал эми Бейшеналиевдин укугу бузулганы боюнча арыз менен кайрылса, биз карайбыз. Бүгүнкү күнгө чейин арыз түшкөн жок", - деди ал.

Ошондой эле ал Башкы прокуратуранын иши ачык-айрым экенин айтып, кимдир-бирөөнү кызмат абалынан пайдаланып куугунтуктоо, иш козгоо болбостугун кошумчалады.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Андан кийин министр тергөө иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, 1 айга СИЗОго камакка алынып, кийин кайра үй камагына чыгарылган. Жактоочу Алымкадыр Бейшеналиевдин ишинде материалдык чыгым табылбаганын билдирген.

16-августта Бейшеналиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан ага карата козголгон кылмыш иши кыскартылган. 19-августта саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулуп, ошол эле күнү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалган.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: