super.kg logo

Улуттук банк: "Өлкөдө накталай чет элдик валюта жетиштүү"

 

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын системасында накталай чет элдик валюта жетиштүү. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, учурда валюта боюнча абал туруктуу. Буга чейин базарда накталай АКШ доллары тартыш болчу. Буга Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнө каршы санкциялардын киргизилиши себеп болгон. Натыйжада 2022-жылдын февраль айынан кийин валютаны жеткирүү үчүн банктар тарабынан түзүлгөн каналдар үзгүлтүккө учурады.

"Банктарга жаңы жеткирүү түйүндөрүн түзүү үчүн убакыт керек болгон. Бүгүнкү күндө эч кандай көйгөйлөр жок. Белгилүү болгондой, министрлер кабинети 2023-жылдын 13-январында АКШ долларын накталай түрдө экспорттоого тыюу салган. Учурда өлкөдө накталай чет элдик валюта жетиштүү. Системада 600 миллион доллардын тегерегинде акча бар, анын 40 пайызы накталай", - деди Аида Карабаева.

Ошондой эле ал учурда коммерциялык банктардын жана акча алмаштыруу жайларынын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

"Мыйзам бузулган учурда айып пул салынып, лицензиялар кайтарып алынып, жетиштүү чаралар көрүлөт.

Эгерде сиз чет элдик валютаны сатуудан баш тарткан же маалымат тактасынан айырмаланган курс менен сунуштагандарга туш болсоңуз, 0501890000 номерине жана 0312610486 коомдук кабылдамасына чалып, Улуттук банкка арыз менен кайрылсаңыз болот", - деди Улуттук банктын өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.01.2023. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушундай дегениңерде эле бир нерсе башталчуу эле. Жетиштүү деген сөзүңөр,жетпейт дегендей болуп чыгат эртең эле. Суу,курал-жарак.кышка даярдык.эртең жазгы айдоого үрөөн,ГСМ. Дайыма жетиштүү даярбыз дейсиңер,анан эле башталатко чиркин 2-сериясы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: