Азербайжан өз жарандарын Иранга барбоого чакырды
Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги өлкө жарандарына Иранга барбоону сунуштады. Мындай маалымат аталган өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
"Ирандагы туруксуз кырдаалды жана Азербайжандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө каршы жасалган теракт фактысын эске алып, биз жарандарга Иранга негизсиз барбоону, ал эми Иранда жүргөн жарандарыбызга өтө этият болуп, коопсуздук эрежелерин сактоону сунуштайбыз", - деп жазылат өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Эске салсак, 27-январда Тегерандагы Азербайжан элчилигине кол салуу болгон. Кол салган адам коопсуздук постунда Калашников автоматынан ок чыгарып, коопсуздук кызматынын башчысы каза болгон. Мындан тышкары элчиликтин эки күзөтчүсү да жарадар болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:19
2025-07-15
21:23
2025-07-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.