super.kg logo

Депутат Жаныбек Абиров бузулган №47 абактын ордуна сейил бак салууну сунуштады

 
Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкекте бузулган №47 абактын ордуна сейил бак курууну сунуштоодо. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Президенттин басма сөз катчысы мурдагы колониянын аймагына 10 миң батирлүү көп кабаттуу үйлөрдөн, 1 мектеп жана 2 бала бакчадан турган кичи-район куруу пландалып жатканын билдирди. Ал эми “Архитекторлор союзу” Бишкек шаарынын башкы планы боюнча, аталган аймакта кабаттуулугу 5 кабатка чейин гана курлуштарды курууга уруксат берилерин жарыялаган. Азыркы учурда бул тууралуу социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп жатат.
Биз өткөн жылдын октябрь айынан бери, жогоруда белгиленген аймакта парк салуу боюнча сунушубузду айтып келебиз. Биринчиден парк куруу менен шаарыбызды жашылдандырууга чоң салым кошулмак, экинчиден балдарыбыз үчүн эс алууга ыңгайлуу шарт түзүлмөк, ошондой эле кара түтүндүн зыяндуулугу менен күрөшүүдө бирден-бир эффективдүү жол болмок.
Ошондуктан келе жаткан бейшемби күнү парк куруу боюнча сунушубузду дагы бир жолу парламентте көтөрүп, президентибизден, өкмөт башчыбыздан бул сунушту карап чыгуусун суранып кетмекчимин. Карап көрсөңүздөр, Москва шаарындагы фонтан паркы сымал 8 гектар аянтка парк куруп берсек кандай сонун болмок", - деп жазды ал.
Ошондой эле Жаныбек Абиров сейил бак курулса элге пайдасы көбүрөөк тиет деген пикирин билдирди.
"Эмне үчүн бул тууралуу айтып жатам? 2025-жылы Бишкек шаарынын аймагы кеңейип, чектеш айылдар борборубуздун курамына кирип калат. Андыктан, шаарыбыздын аймагы жана калкы өсө тургандыгын эске алуу менен, парк курула турган болсо калың элге пайдасы көбүрөөк тие тургандыгын эске алышыбыз керек.
Ленин районунда парк куруу үчүн №47 абактын 8 гектар жери, Бишкек шаардык кенешинин депутаты А.Б. Бактыбеков демилгелеп жаткан Ашар көчөсүндөгү 4 гектар жер жана Чортеков көчөсүнүн (Айни көчөсүнөн баштап Жайыл-Баатыр көчөсүнө чейинки аралыгы) батыш тарабы ылайыктуу.
Жогоруда белгиленген жерлерге президентибиздин демилгеси, колдоосу менен парк куруп берсек, элдин ден соолугу, жаштардын келечеги үчүн абдан пайдалуу болмок", - деп кошумчалады Жаныбек Абиров.
Буга чейин "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси №47 абактын ордуна 10 миң батирлүү кичи район куруу пландалып жатканын билдирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: