super.kg logo

Жапаров Индиядан келген инвесторлордун делегациясын кабыл алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Индиядан келген инвесторлордун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар медициналык кызмат көрсөтүү системасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн, атап айтканда, медициналык камсыздоонун жаңы системасын калыптандыруу маселесин талкуулашты.

Инвесторлор белгилегендей, сунушталып жаткан медициналык камсыздоо системасы, биринчи кезекте, каржылоо жагынан айырмаланат, ага медициналык кызмат көрсөтүү гана эмес, медициналык мекемелерди оңдоо, жабдууларды сатып алуу жана чет элдик кесиптештер менен тажрыйба алмашуу аркылуу медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу да камтылат.

Пилоттук долбоор катары 4 оорукана тандалып алынат, анда аталган система ишке киргизилет.

Министрлер кабинетинин башчысы инвесторлорду уккан соң саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатыровага сунушталып жаткан долбоорду дыкат иликтеп чыгууну, ошондой эле аны ишке ашыруу, анын ичинде 4 пилоттук долбоордун алкагында баштапкы этапта ишке киргизүү боюнча сунуштарды берүүнү тапшырды.

Акылбек Жапаров бул система аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана калктын социалдык жактан аяр катмары үчүн мүмкүн болушунча ийкемдүү жана жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: