super.kg logo

Төрөбаев Азербайжандын Милли межлисинин депутаттарын кабыл алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Милли межлисинин депутаттарын кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуулар жөнүндө сүйлөштү.

“Кыргыз-азербайжан кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканын терең канааттануу менен белгилегим келет. Быйыл биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жакшы келечеги бар экенине ишенеримди билдиргим келет”, - деди Төрөбаев.

Ал эми Азербайжандын Милли межлисинин депутаты Джаваншир Фейзиев “Кыргызстан менен Азербайжандын парламентарийлери Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеяларынын жана КМШга мүчө-өлкөлөр арасында натыйжалуу диалог жүргүзүүдө. Бүгүнкү жолугушуу эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча маңыздуу иштерди улантуу боюнча биргелешкен аракеттерге жаңы дем берерине ишенем”, - деди.

Маалымат иретинде: Уставдык капиталы 25 миллион АКШ долларын түзгөн “Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду” түзүлгөн. Анын алкагында инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: