super.kg logo

Элчи Аида Исмаилова Кореянын башкы прокурору Ли Вонсок менен жолугушту

 

Сеул шаарында Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын башкы прокурору Ли Вонсок менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кабарлангандай, жолугушууда тараптар кибер кылмыштуулукка, коррупцияга, баңгизат, контрабандага каршы күрөшүү, өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана соттолгондорду экстрадициялоо боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Кореянын жогорку прокуратурасынын окуу жайларынын базасында тажрыйба алмашуу жана өз ара билим алмашууларды уюштуруу боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө басым жасалды.

Исмаилова Кыргызстан Корея менен эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча, анын ичинде эки өлкөнүн прокуратуралары аркылуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Ал Кореянын прокуратурасында жүргүзүлүп жаткан реформаларды, ошондой эле Корея өкмөтүнүн санариптештирүү, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн натыйжалуу маалыматтык системаны түзүү жана киберкоопсуздук тутумунун архитектурасын куруу жаатындагы жетишкендиктерин жана ийгиликтерин жогору баалады.

Өз кезегинде Кореянын башкы прокурору Ли Вонсок жалпысынан прокуратуранын ишмердүүлүгү жана жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди, ошондой эле санариптик соттук экспертизанын өзгөчөлүктөрү, Кореянын "KICS" автоматташтырылган маалымат системасынын негизги принциптери тууралуу айтып берип, киберкылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү, ошондой эле жогоруда айтылган бардык маселелер боюнча мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле тараптар кылмыш-жаза сот адилеттигине маалыматтык системаларды киргизүү боюнча Кореянын тажрыйбасын үйрөнүү жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо максатында эки өлкөнүн прокуратура органдарынын ортосунда сапарларды алмашууну уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: