super.kg logo

"Газпром Кыргызстан" кара түтүн менен күрөшүүдө чоң салымын кошуп келүүдө

 

"Газпром Кыргызстан" компаниясы 8 жыл ичинде өлкөдөгү социалдык багыттагы тарифти колдоого 5 миллиард сом жумшады. Бул туурасында маалымат жыйында "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров маалымдады.

Анын айтымында, муну компания калаада кара түтүн көйгөйү менен күрөшүүгө кошкон салымы катары баалайт.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы өкмөттөр аралык кол коюлган жаратылыш газын Кыргыз өлкөсүнүн аймагына жеткирүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашууда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарды жана аткарып келе жатат. Жаңы райондорду активдүү газдаштыруудан тышкары, биз 8 жылдан бери чыгашалуу социалдык багыттагы балансташкан тариф саясатын жүргүзүп келе жатабыз. Ошентип калк үчүн тарифтин субсидиясынын суммасы 5 миллиард сомдон ашты.

Компания республиканын калктуу пунктарын газдаштыруу иштерин улантат. Экологиялык абалды жакшыртуунун негизги фактору катары газдаштырылган жаңы конуштардагы газ өткөргүчтөргө кошулбаган турак үйлөрдү кошуу болуп саналат.

Газды колдонуунун эки эсе өсүшү - эффективдүү газдаштыруунун эң негизги көрсөткүчү болуп эсептелет. 100 миң жаңы колдонуучу электр энергиясынан жана көмүрдөн жаратылыш газына өтүшүп, кара түтүн менен күрөшүүгө өз салымдарын кошуп жатышат", - деди "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров.

Ошондой эле ал газдаштырылган кээ бир аймактардын тургундары газга туташпай жатканын айтып, бул ыш көйгөйүн азайтууга болгон аракетке кедергиси тийип жатканын кошумчалады.

"Кээ бир жаңы конуштарда, мисалы, Касым, Балбан-Таймаш конуштарында 100 пайыздык газдаштырууга карабастан, ошонун 10 эле пайызы газга жылытуу максатында кошулушкан. Калгандары көмүр жана башка калдыктар менен жылытып жатышат. Экономикалык жагынан караганда аларды газга өтүүгө мажбурлай албайбыз. Ошондуктан мэрия менен жол картасы боюнча келишим түзүп, кызматташып жатабыз", - деп кошумчалады А.Алдаяров.

Компаниядан калк арасында жаратылыш газын колдонуу эки эсеге өскөнүн маалымдашты. Ага ылайык, 2014-жылы "Кыргызгаз" ишканасынын убагында жаратылыш газын колдонуу көлөмү жылына 208 миллион куб метрди түзсө, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ал көрсөткүч 387 миллион куб метрге жеткен.

Мындан тышкары компания тарабынан газдаштырылган жаңы конуштардагы энергоресурсту колдонуу көрсөткүчүнүң он эсе өскөнү байкалган. Алсак, 2018-жылы 2,2 миллион куб метр болсо, 2022-жылы ал көрсөткүч 25 миллион куб метрге жеткен.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы жалпы жашоочуларынын саны 250 миң адамды түзгөн 42 жаңы конушка экологиялык таза отун менен колдонууга мүмкүнчүлүк түзүп беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: