super.kg logo

Жапаров Экономика министрлигинин аткаруучулук тартип боюнча ишин сынга алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кеңешменин күн тартибинде 4 маселе белгиленген. Атап айтканда, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин жана финансы министри Алмаз Бакетаевдин баяндамалары (Президенттин жарлыктарын жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткаруу боюнча) угулду.

Жапаров министрлердин отчётторун уккан соң Экономика жана коммерция министрлигинин аткаруучулук тартип боюнча ишин сынга алды.

"Эмне себептен аткаруу мөөнөттөрү бузулган каттардын саны көп болууда. Орун басарларыңыздар эмне иш кылууда, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткара алышпаса санын кыскартуу керек", - деди Жапаров.

Мындан сырткары аткаруучулук тартипти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

"Сиздерде февраль айынын соңуна чейин убакыт бар", - деди ал.

Андан соң 2022-жылга антикризистик чаралар планынын аткарылышы боюнча баяндама угулду.

Белгиленгендей, 51 иш-чаранын 46сы аткарылган.

Маселен, Антикризистик чаралар планынын пункттарынын бири катары жөлөк пулдарды көбөйтүү белгиленген, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чаралар каралган.

Аталган чаралар толугу менен ишке ашырылды. Министрлер кабинетинин башчысы пландын аткарылбай калган пункттары 2023-жылга которулганын айтып, алардын аткарылышынын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: