super.kg logo

“Кыргыз темир жолу” ишканасы Соода-өнөр жай палатасына мүчө болду

 

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы расмий түрдө Соода-өнөр жай палатасына мүчө болду. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, аталган палата 80ден ашык өлкө менен активдүү кызматташат. Муну менен катар чакан, орто жана ири бизнестин өкүлдөрүнөн турган 1180 ишкер субъектилери мүчө болуп кирген.

"Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлүгүнө кирүү ишкананын имиджин чыңдоого, экономикалык иштин натыйжасын жогорулатууга, ишкананын экономикалык коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга, ички жана эл аралык рыноктордо ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул башка мамлекеттердин бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен кызматташтыкты күчөтөт. Бул өз кезегинде жүк ташуу көлөмүн жана каржылык агымды көбөйтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: