super.kg logo

"Чаңырган бойдон кетти". Кадамжайда 2 жаштагы наристени урган келин бир айга камалды

 

Баткенде 2 жашка толо элек кызын сабаган аялды сот бир айга камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына келиндин таякеси Мавлянжан Айдаров билдирди.

"Карындашымды (ред. наристени урган келин) бүгүн чоң кылмышкерлердей 5-6 милиция кызматкери сотко алып келип, кайра алып кетти. Аны бир айга камап коюшту. Карындашым чаңырып, бакырган бойдон кетти", - деди Мавлянжан Айдаров.

Буга чейин Мавлянжан Айдаров мындан 4 ай мурун келиндин атасы жана бир тууган иниси Тажикстандын кол салуусунан каза болуп, апасы башынан катуу жаракат алганын айтып берген.

Эске салсак, 30-январда социалдык тармактарда энеси баласын сабап жаткан видео тарап, бул окуя көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан. Кийинчерээк аял баласын күйөөсүнө таарынганынан улам сабап, сабап жаткандагы видеосун жолдошуна жөнөткөндүгү белгилүү болгон. Кийинчерээк Баткен облустук ички иштер башкармалыгы келинге карата кылмыш иши козголгонун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: