super.kg logo

Бишкекте кыргыз-азербайжан достугун даңазалаган концерт өттү

 

Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын достугун даңазалаган концерт өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, кечээ, 1-февраль күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргызстан менен Азербайжандын дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналган классикалык музыкалардын концерти болуп өттү.

Эки элдин достугун бекемдөөгө арналган салтанаттуу маданий иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Азербайжан мамлекетинин Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Латив Гандилов, коомдук жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов, Кыргыз эл артисти Муратбек Бегалиев, көрүнүктүү маданият ишмерлери жана өлкөдөгү азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү катышкан.

"Буга чейин президент Садыр Жапаров менен Азербайжан мамлекетинин президенти Илхам Алиев Кыргызстанда жана Азербайжанда жолугушуп, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын бекемдеген бир катар маанилүү келишимдерге кол коюшкан.

Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен өнүктүрүү фонду түзүлүп, Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багы ачылган", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: