super.kg logo

Мектеп директорлоруна сынак: Катышуучуларга коюлган талаптар

 

Жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш тажрыйбасы барлар директор боло алат. Бул туурасында мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына жарыяланган сынактын жобосунда айтылат.

Жобого ылайык, конкурска төмөндөгү квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз жарандары катыша алат:

- жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш тажрыйбасы барлар;

- атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү уюмдарына);

- аракетке жөндөмдүү, аларга карата аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери жок адамдар;

- соттолбогондор;

- Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн медициналык каршы көрсөткүчтөрү жоктор;

- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аныкталган мөөнөттүн ичинде педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүү укугу чектелбегендер;

- жалпы билим берүү уюмунун административдик финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын билгендер;

- билим берүү системаларын башкаруу ыкмаларын, маалыматтык технологиялар жана тез башкаруу чечимдерин кабыл алуу боюнча көндүмдөрүн, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээ болгондор;

Керектүү документтер:

  • белгиленген формадагы жазуу жүзүндөгү жеке арызын (№1 тиркеме) жана сүрөтүн (3×4 см);
  • паспортун;
  • жогорку педагогикалык билими тууралуу дипломун (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн, тиркемеси менен);
  • эмгек китепчесин (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүүсүн (№2 тиркеме);
  • соттолгондугу (соттолбогондугу) жөнүндө маалымкатын;
  • психикалык ооруларынын жана наркологиялык диспансерлерде каттоосу жоктугу жөнүндө маалымкатын.

Талапкер документтердин көчүрмөлөрүн өзүнүн жеке электрондук почтасы аркылуу тиешелүү болгон облустун электрондук дарегине жөнөтөт.

Сынактын толук жобосу шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: