super.kg logo

Бишкекте таштандыны иргей турган дагы бир жай иштеп баштады

 

Бишкек шаарында катуу таштандыларды иргөөчү дагы бир пункт иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган жай Октябрь районунун аймагындагы Анкара көчөсүндө жайгашкан.

"Анда 12 евроконтейнерлер, 2 видеокөзөмөл камерасы орнотулган.Таштандыны иргөө үчүн иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалды.

Контейнерлерди жаан-чачындан коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулган. Аларды орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган", - деп жазылат маалыматта.

Долбоордун максаты:
1. Жарандардын маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү;
2. Экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо;
3. Менчик компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.
Белгилей кетсек, аталган пилоттук долбоор инвесторлордун эсебинен ишке ашырылууда. Буга чейин Биринчи Май районунун аймагында таштандыларды иргөөчү эки пункт иштей баштаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: