super.kg logo

Кыргыз мамлекеттик университети эл аралык сынакта “Мыкты университет” деп табылды

 

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору тарабынан (International Achievements Research Center “Жылдын мыкты университети – 2022” деп табылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

"Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борборунун куттуктоосунда университеттин потенциалы, ишмердүүлүгү, илимий жетишкендиктери жана эл аралык мамилелердеги ийгиликтерине эксперттер тарабынан баа берилгендиги айтылган. Жыйынтыгында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети эл аралык мамилелер багытындагы сынакта жеңишке ээ болду", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле IARC борбору И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева “Жылдын ректору – 2022” деп тапты.

Маалымат үчүн: Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору Монреаль шаарында жайгашкан. Бул уюм илим, билим берүү, өнөр жай, бизнес жана технология тармагындагы таланттуу адистердин ийгиликке жетүүсүнө өбөлгө түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: