Мындан ары Кыргыз жарандары дагы бир өлкөгө визасыз кире алышат
Тышкы иштер министрлиги туруктуу жана системалуу негизде Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет мамлекеттерге визасыз каттамдарын кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Чет мамлекеттер үчүн, анын ичинде Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эл аралык стандарттарынын алкагында визасыз режимди киргизүүнүн маанилүү талабы биометрикалык паспорттордун болушу болуп саналат.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасында электрондук паспорттор 2021-жылы гана киргизилген. Буга байланыштуу бул багыттагы иштер жигердүү кайра жанданды.
Бул этапта, чет мамлекеттер кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди киргизүүнүн алкагында негизинен дипломаттык жана кызматтык паспорттор боюнча гана кызматташууда.
"2022-жылы Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Ливан, Мальдив (анын ичинде жалпы жарандык паспорт) менен дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу боюнча 4 өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган.
Муну менен катар, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визалык талаптар жокко чыгарылды, алар Мальдивыга жалпы паспорт менен кирип, келишим күчүнө киргенден кийин бул өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышат", - деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.
Учурда тиешелүү эл аралык келишимдердин күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболор жүргүзүлүүдө.



1 |