Бишкекте таза суу жана канализацияга болгон тарифти көтөрүү пландалууда

Ага ылайык таза сууга тарифтер төмөндөгүдөй болот:
- калк үчүн - куб метрине 10,45 сом (азыр 8,1 сом);
- бюджеттик уюмдар үчүн - 12,95 сом (азыр 9,1 сом);
- башка керектөөчүлөр үчүн - 18,5 сом (азыр 13 сом).
Канализацияга сунушталган тариф:
- калк үчүн - 3,45 сом (азыр 2,3 сом);
- бюджеттик уюмдар үчүн - 4,5 сом (азыр 3 сом);
- башка керектөөчүлөр үчүн - 9 сом (азыр 6 сом).
Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн жалпы пайдалануудагы суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын тейлөөгө жылына 1 чарчы метрге 15,10 сом өлчөмүндөгү тарифти белгилөө сунушталды. Азыркы акы 10,2 сом.
Мэрия азыркы тарифтик саясатты өзгөртүүгө орчундуу себептер бар экенин айтып, "Бишкек суу канал" ишканасынын абалы оор экенин кошумчалады.
Тармактарды оңдоого жана модернизациялоого каражаттын жетишсиздигин, керектүү материалдар, күйүүчү май жана башкаларга болгон баанын жогорулашын мисал келтирип, азыркы тариф чыгымдарды актабай, мекеме чыгашага учурап жатканын белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.