super.kg logo

Министрлик Гүлшайыр Садыбакасованын кызмат ордуна сынак жарыялады (талаптар)

 

Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору бош кызмат орунуна документтерди кабыл алууну жарыялады.

Филармониянын директорунун кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
“Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызматтарда иш стажы 2 жылдан кем эмес же гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, маданият жана искусство чөйрөсүндө иш стажы 3 жылдан кем эмес.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
1. Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясын өнүктүрүү программасы;
2. Резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
3. Автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
4. Кадрларды эсепке алуу баракчасы;
5. Нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
6. Нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
7.Илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
8. Паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер папкага тиркелип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2023-жылдын 13-февралына чейин тапшырылууга тийиш.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 7-декабрындагы жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Ош облустук филармониясынын жетекчиси иштебей жатканын, филармониянын абалы оор экенин айткан. Гүлшайыр Садыбакасова өз кезегинде маалымат туура эместигин, депутат анын беделине шек келтиргенин айтып, кечирим суроосун талап кылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: