Былтыр адамды жүзүнөн тааныган камеранын аркасында 3,5 миң кылмыштын бети ачылды
2022-жылы адамды жүзүнөн тааныган видеокамералардын жардамы менен 3 миң 431 кылмыш жана жоруктун бети ачылган. Мындай маалымат бүгүн, 3-февралда ички иштер министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйынында белгилүү болду.
Анын жүрүшүндө белгиленгендей, ар бир факты боюнча мыйзамдуу чечимдер кабыл алынган. Камералардын аркасында ИИМдин Күзөт кызматынын оперативдүү башкаруу борбору тарабынан өлкөдөгү кылмыштуулуктун абалы реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнүп турат.
Коллегиялык жыйындын алкагында ички иштер министри Улан Ниязбеков 2022-жылы калктын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, санарип тармагын чыңдоо, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана башка бардык багыттар боюнча бир катар жакшы жетишкендиктер орун алгандыгын баса белгиленди.
